Социалдык тармактардын ишинин үзгүлтүккө учурашынан улам Telegram'га 50 миллиондон ашуун колдонуучулар катталды

Facebook, Instagram жана WhatsApp'тын ишинин үзгүлтүккө учурашынан улам Telegram мессенжерине 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталды. Бул тууралуу TGStat аналитикалык кызматынын башчысы Юрий Кижикиндин билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Алдын ала эсептөөгө ылайык, акыркы сутка ичинде Telegram'га 50 миллиондон ашык колдонуучулар катталды", - деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрь күнү кечки убактан тартып Facebook, Instagram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши үзгүлтүккө учураган. Мындан улам Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6 миллиард 600 миллион доллар кирешесин жоготкон. Компания иштен чыгуунун так себебин азырынча атаган жок. Бирок кээ бир эксперттер бул көйгөйгө Facebook колдонгон DNS серверлериндеги мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан