Жалал-Абадда баңгизат саткандарды колго түшүрүү үчүн кызматкерлер тыюу салынган затты сатып алышкан

Жалал-Абад облусунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген адамдар аныкталды. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, буга чейин Б. аттуу жаран гашиш жана марихуана сатуу менен алектенгени маалымдалган.

Жогорудагы маалымат 267-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматкерлер атайын 1 килограмм 600 грамм марихуана жана 25 грамм салмактагы гашиш сатып алышкан. Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда 23-сентябрда саат 23:00дө Тогуз-Торо айылында 1976-жылы туулган Б.М. жана ал менен бирге жүргөн кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаран кармалган. Аларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 4 килограмм 43 граммды түзгөн баңги заты алынып, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык гашиш экени белгилүү болду.

Учурда кармалгандар Сузак РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары улантылууда", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан