"Төрөткө катышайын десем киргизбей коюшту" дейт уулдуу болгон рэпер

Рэпер Добр менен жубайы Жибек үчүнчү ирет ата-эне макамын алышты. 5-октябрда уулдуу болгон ырчы сүйүнүчүн айтып, буларга токтолду.

"Наристебиз түндө төрөлүп, 3 килограмм 200 грамм, бою 49 сантиметр болду. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Төрөткө катышайын десем чектөөлөр бар экен, киргизбей коюшту. Жубайым биринчи балабызды төрөгөндө кыйналган, кызыбыздын төрөтү жеңил өткөн. Бул жолкусунда да бир аз кыйналды.

Уулубузга кандай ысым коёрубузду чече элекпиз", - деди ал.

Эске салсак, рэпер мырза 2016-жылы тун наристелүү болуп, ага Азирет деген ысым ыйгарган, 2019-жылы Айкөл аттуу кыздуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2021-10-06 08:17:23
Ээ кирбегенин жакшы болуптур. Коркунучтуу, тушуно да копко чейин кире берет эле
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан