Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда мугалимдер майрамы белгиленип, сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында мугалимдердин майрамына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана мугалимдер катышты.

"Салтанаттуу иш-чарада балдарга сапаттуу билим, мыкты тарбия берип келе жаткан бир топ мугалимдерге жергиликтүү бийлик тарабынан Ардак грамота жана белектер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 2100дөн ашуун билим берүү кызматкери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан