Орусиянын режиссёру Клим Шипенко менен актриса Юлия Пересильд Эл аралык космос станциясына "Вызов" тасмасын тартуу үчүн космоско учуп кетишти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссия "Вызов" тасмасын тарта турган кинематографтын жана артисттердин талапкерлигин жактырган. Ошондой эле тандоодон актриса Алена Мордовина менен учкуч Галина Кайырова да өткөн. Топ космосто 12 күн болуп, андан кийин "Союз МС-18" космос кемеси менен Жерге кайтат.
Белгилей кетсек, "Вызов" тасмасы кинематографтын тарыхында космосто тартылган алгачкы тасма болуп саналат.