Япониялык окумуштуулар дагы бир жаңы йезо аттуу вирус чыкканын жарыялашты

Японияда кене чакканда жугуучу жана ысытмага алып келүүчү жаңы вирус катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, изилдөө япон вирусологдору Фумихиро Кодама, Хироки Ямагучи жана Кейта Мацуно тарабынан жүргүзүлгөн. Алар жаңы вируска йезо деген ат коюшкан. Бул Япониянын Хоккайдо аралынын байыркы тарыхый аталышынын урматына коюлган.

Эксперттердин айтымында, инфекция 2019-жылы жана 2020-жылы Хоккайдо кенелери чаккан эки адамдан аныкталган. Бейтаптарда кандагы тромбоциттердин санынын азайышына, лейкопенияга (кандагы лейкоциттердин азайышы), ошондой эле боор ферменттеринин жана ферритиндин көбөйүшүнө кабылышкан. Кийинчерээк вирус 2014-жылдан 2020-жылга чейин кене чагып алган дагы жети адамда тастыкталган.

Вирустун булагын аныктоо үчүн изилдөөчүлөр бул аймактагы жапайы жаныбарлардан чогултулган үлгүлөрдү скринингден өткөрүшкөн. Вирустун антителолору 2010-2020-жылдар аралыгында чогултулган эликтердин, кийиктердин үлгүлөрүнөн табылган. Мындан тышкары изилдөөчүлөр вирустун белгисин Хоккайдо аралынын негизги кене түрлөрүнөн табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-10-06 08:04:26
Кирип кеткиле кирчу жеринерге ошол вирус менен,задолбали уже!
0
Dftyhbv
2021-10-06 08:37:11
АстагфирАллах Пацгамбарыбыз САВ айтканкендер кыямат жакындаганда оорунун туру кобойот аркандай жугуштуу оорулар чыгат деген экендер ИННАА ЛИЛЛАХИ УА ИННА ИЛАЙХИ РООЖИУН
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан