Бишкекте КамАЗ менен эл ташыган кичиавтобус сүзүшүп,1 адам каза болду

Кечээ, 6-ноябрда саат 15:45 чамасында жол кырсыгы катталып, натыйжада бир жүргүнчү каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Бишкек ШИИБинин жол көзөмөлдөө кызматынан билдирди. 

   Алардын берген маалыматы  боюнча 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну   КамАЗ авто унаасы менен Фучик көчөсүндө кетип бара жатып,  Жибек Жолунун кесилишинен  Мерседес  (№386 маршрут ) автоунаасы менен кагылышкан. Жол кырсыгынын натыйжасында 34 жаштагы  айым  авто унаанын маңдаңкы айнегинен сыртка учуп, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. 

  Ал эми  Мерседестин   25 жаштагы  айдоочусу  тизесинин жаракат алып,   ооруканага жеткирилген. Айдоочудан тышкары 32 жаштагы О.Л аттуу жүргүнчүнүн мурду сынса, 49-жаштагы А.К. аттуу адамдын баш мээси чайкалган. 

Учурда автоунаалар  унаа коюучу жайга коюлган. Чогулган бардык материалдар  тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-11-07 14:39:01
Кудайым сактасын кырсъктан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан