"Өспүрүмдөр үчүн Python" аталышында кыргыз тилинде жазылган программалоо жаатындагы китеп жарык көрдү

"Өспүрүмдөр үчүн Python" аталышындагы программалоо жаатында кыргыз тилинде жазылган алгачка китеп жарык көрдү. Китептин бет ачар аземи Касымаалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасындагы Америка бурчунда болуп өттү. Аталган китеп АКШ элчилигинин китеп которуу программасынын негизинде Борбор Азия аймактык институту тарабынан которулуп басылган. АКШ элчилигинин китеп которуу программасынын талаптарына ылайык, “Өспүрүмдөр үчүн Python” китеби 3000 тиражда басылып, жергиликтүү программалоону үйрөнүүчүлөргө акысыз таратылат.

Ошондой эле бул программалоо жаатында кыргыз тилиндеги алгачкы китептерден болгондуктан, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, суроо-талап абдан жогору болгону маалымдалды.

Белгилей кетсек, Борбор Азия аймактык институту Бишкек шаарында жайгашкан коммерциялык эмес, көз карандысыз жана өкмөттүк эмес мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан