Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 5 миллиондон ашты

Бүткүл дүйнө боюнча коронавирустан улам каза болгондордун саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, илдеттин курмандыгы болгон 5 миллион адамдын 2 жарым миллионго жакыны вирус пайда болгондон кийин 1 жыл ичинде каза тапса, калган жарымы 8 айдын ичинде көз жумган.

Ошондой эле каза болгондордун 21 пайызы Түштүк Америка өлкөлөрүнө туура келет. Анын ичинде эң көбү Бразилияда (598 миң адам каза болгон). Ал эми экинчи орунда Түндүк Америка мамлекеттери. Эң көбү АКШга туура келет (703 миң адам). Мексикада 279 миң адам каза тапкан. Андан соң Чыгыш Европа аймагында Орусия эң көп өлүм катталган өлкөлөрдүн арасында. Аталган өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин 207 миң адам көз жумган. Ал эми Азиядан Индия өлкөсү өлүмдүн саны боюнча алдыда. Бул өлкөдө 449 миң адам вирустун курмандыгы болгон.

Азыр дагы дүйнө боюнча күнүнө орто эсеп менен 8 миңдин тегерегинде адам вирустан каза болууда. Бирок адам өлүмүнүн глобалдык тездиги акыркы айларда басаңдап жатканы байкалганы кабарланды.

Эске салсак, коронавирус илдети эң алгач 2019-жылы 17-ноябрда Кытайдын Ухан шаарында катталган. Ал эми 2020-жылы 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган илдетти пандемия деп жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apyn8793
2021-10-06 00:44:58
Бир мамлекет жок болгон экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан