YouTube'да жаңы кызмат пайда болду. Эми колдонуучулар экрандын бурчуна терезе ачып алып видео көрө алышат

YouTube видеохостингинин түзүүчүлөрү колдонуучулар үчүн ыңгайлуулук жараткан жаңы кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, YouTube колдонуучулары мындан ары мобилдик тиркеменин өзүнөн же браузер аркылуу кандайдыр видео көрүп жаткан учурда сыртка чыгуу муктаждыгы жаралса, видеону өчүрүп убара болбойт. Жаңы кызмат башка иштерди бүтүрүү менен бирге видеону экрандын бурчунда пайда болуучу кичинекей терезеден улантып көрө берүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Ошондой эле терезенин өлчөмүн сол бурчтагы жебени басуу менен каалаган өлчөмгө чейин чоңойтуп алууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөнү кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
O.dembele
2021-10-05 22:44:28
Мурун эле бар болчу,арта калыпсынар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан