Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билим берүү тармагынын кызматкерлерин сыйлоо аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Билим берү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу аталган иш-чаранын алкагында "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты педагогу" республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өз сөзүндө белгилегендей, республикада бул күн өзгөчө болуп саналат, себеби коомдо педагогдордун жана мугалимдердин ролу жогору бааланат.

"Жашоодо мугалимге карата чоң талаптар коюлат. Бирок учурда мугалимдер жаңы ыкмаларды мыкты өздөштүрүп, кесиптик жактан такшалып гана тим болбостон, коомдо жүрүп жаткан терең өзгөрүүлөрдү сезе билиши керек. Бүгүнкү күнү балдарды өз алдынча ой жүгүртүүгө жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилик алууга үйрөтүү абдан маанилүү болуп саналат. Биздин милдет – өлкөбүздүн татыктуу жараны болуусу үчүн аларга колдоо көрсөтүү", – деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан