Дубай соту 28 жаштагы Кыргыз жаранына жаңы төрөлгөн баласын атайылап өлтүргөн деген айып такты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, иштин материалдарында аял кош бойлуу кезинде баңгизат колдонгону жана кызын жарык дүйнөгө алып келгенден кийин жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөнү көрсөтүлгөн.
"Соттук -медициналык экспертизанын жыйынтыгында баланын канында амфетамин жана метамфетамин бар экени аныкталган. Наристе чарчап калар алдында баш сөөгү жана көкүрөгү сынган.
Айыпталуучу үйүндө ымыркайынын сөөгүн алып чыгууга аракет кылгандан кийин кармалган. Ал чоң таштанды салынган баштык менен үйдөн чыгып бара жатканын көргөн киши ага жардам берүүнү сунуштаган. Ал учурда аял баш тарткан жана баштык жарылган. Киши баштыктын ичиндеги ымыркайдын сөөгүн көрүп, полиция кызматына кайрылган.
Сурак учурунда айыпталуучу жаңы төрөлгөн ымыркайын жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөнүн айткан. Сот атайылап өлтүрүүдөн тышкары, аны баңгизат колдонгон деп да айыптаган", - деп жазылат маалыматта.