"Чырдаша кетип бычактаган". Орусияда Кыргыз жаранын бычактаганга шектүү кармалды
Орусияда 30 жаштагы Кыргыз жараны бычактан жаракат алды. Ага кол салганга шектүү жаран кармалганын Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматы боюнча, 3-октябрда Кыргыз жаранына ок тийгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
"Бирок октон жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Алынган маалыматка ылайык, майрам учурунда оозеки чыр чыгып, ал мушташка айланып, 30 жаштагы Кыргыз жараны бычакталган. Жабырлануучу "Тез жардам" кызматы ооруканага көкүрөк жаракаты диагнозу менен жаткырылган.
Учурда Орусиянын укук коргоо органдары бул фактыны иликтеп жатышат. Кылмышка шектүү адам кармалды, тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешет мекемеден.