17-18-ноябрь күндөрү Каракол шаарында “Кеңеш” тобу концерт коюшат. Мындай кабары менен топтун жетекчиси Мүзүр Мамбетов SUPER.KG порталы менен бөлүштү. “Суроолор боюнча Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына концерт бергени жатабыз. Биз менен бирге ал жакка “Беш тапан” куудулдар тобунун жигиттери да барышат. Ал концерттен кийин Ысык-Көл облусунун башка аймактарын дагы кыдырсакпы деген ойлорубуз бар”,- дейт.