Күзгү депрессия деген эмне? Ага кабылып калганыңды кантип билсе болот? Психолог менен маек

Көпчүлүк күзгү блюздун абалы менен тааныш, көңүлсүз жана эч нерсени каалабай - жөн эле уктап жата берүүнү каалоо. Мындай учурда өзүбүзгө кандай жардам бере алабыз? Күзгү депрессия барбы же бул жөн эле жомокпу? SUPER.KG порталы психолог Сүйүн Калчаевден бул суроолорго жооп берүүсүн сурандык.

- Күзгү депрессия деген эмне?

- Сентябрь-октябрь айларында адамдардын көпчүлүгү күзгү депрессияга кабылышат. Бул абал эч бир оору менен деле байланышпайт, ошондой эле коркунучу да жок, бирок жагымсыз жагдайларды алып келет. Күзгү депрессияда адамдын активдүү кыймыл-аракети жоголуп, жалкоолук, тынчсыздануу пайда болот. Ошондой эле маанай бат-баттан өзгөрүлүп турат.

Мунун себеби күз айларында күн кыскарганына байланыштуу адамдын организминде сератонин жана мелатонин аттуу гормондордун бөлүнүшү төмөндөп калат.

Аба ырайы бара-бара сууктап, күн бүркөлүп, жаан жаап, сырттагы жаратылыш акырындык менен күңүрт түстөргө боёло баштайт. Ушул факторлордун баары адамдын ички дүйнөсүнө билинбей таасир берип, адамдарды кыжаалат кылган күзгү депрессиянын симптомдору пайда болот.

- Депрессияга кабылып калганыңды кантип билсе болот?

- Бул абалдын симптомдорун таануу өтө оңой. Бул жерде алардын айрымдары:
- кайдыгер маанай;
- чарчоо бара-бара өнөкөткө айланат (эс алуу көйгөйдү чечпей "алсыздык" абалы уктагандан кийин да сакталат);
- зеригүү;
- уйкуга байланыштуу көйгөйлөр (анын ичинде түн ичинде тез-тез ойгонуу);
- алсыз болуу;
- катуу баш оору;
- тамакка болгон табиттин жоктугу;
- булчуңдардын кармалышы жана бүт денедеги себепсиз оору;
- ашказан менен ичегинин иштешинин бузулушу;
- капысынан эле ачуулануу жана кыжырдануу (курч мүнөздө).

- Күзгү депрессиядан чыгуу жолдору?

- Мында психикалык бузулуу эмес, сезондук депрессиялык синдром жөнүндө сөз болуп жатканына көңүл бөлүү маанилүү. Бул зыянсыз күзгү блюз болсо, анда өзүн-өзү колдоо боюнча жөнөкөй чаралар андан арылууга жардам берет.

Жеңил депрессия менен кантип күрөшүү керек:

Үйдө жана жумушта жаркыраган жасалма жарык берүү. Кечинде күңүрт жарык уйкуну келтирип, кайдыгерликти гана күчөтөт. Мүмкүн болсо табигый күн нурунан куру калбоо үчүн түшкү маалда жана дем алыш күндөрү сейилдөөгө чыгыңыз.Тамактанууну көзөмөлдөңүз: иммунитетти сактоо үчүн диетага сүт азыктарын, жемиштерди, чөптөрдү жана пайдалуу чайларды кошуңуз. Жетиштүү уктаңыз жана күнүмдүк режимди сактаңыз. Күзүндө ансыз деле чектелген энергия менен толукталууга убакыт болушу үчүн күнүнө 8 сааттан кем эмес уктоо жана эрте жатуу өзгөчө маанилүү.

Спорт менен машыгып, активдүү эс алууну тандаңыз. Чуркоо, ачык абадагы оюндар, сууда сүзүү, башталгычтар үчүн ар кандай физикалык активдүүлүк стрессти жеңүүгө жардам берет. Хоббиге убакыт бөлүңүз. Жагымдуу чыгармачылык иштер үчүн күнүмдүк жашооңузда жок дегенде 30 мүнөт табууга аракет кылыңыз: сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк жана башкалар. Блюз менен күрөшүүнүн бул ыкмасы аялдар үчүн өзгөчө актуалдуу. Жаман адаттардан баш тартуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан