Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиондугу: "Бирөө коло байге үчүн". Бүгүн эки кыргыз балбаны килемге чыгат

Бүгүн, 6-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери өтөт.

Бүгүнкү беттеште 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалдан баштап, анда түштүк кореялык Минжи Ха аттуу балбан кыз менен кез келет.

Алдын-ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Мындан тышкары, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт. Анын атаандашы украиналык Анастасия Шустова менен монголиялык Загардулам Найгалсурен аттуу балбан кыздардын жеңүүчүсү болот.

Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан