Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-октябрда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган Ф.А. аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалган.

"Кармалган жаран буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстанда Кыргыз өлкөсүндө жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды. Азыркы учурда шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан