Ош облусунун эки тургуну, жердешинин 95 миң сомун тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматтарга караганда тоноочулардын курмандыгы 23 жаштагы Ош шаарынын тургуну болгон. Ал Бишкекке товар сатып алуу үчүн келген. “Кудайберген” базарынын жанынан эки белгисиз адам аны сабап, капчыгындагы болгон акчасын тартып алышкан. Бишкек ШИИББнин ыкчам иликтөө тобу изи сууй электе 44 жана 43 жаштагы Ош облусунун тургундарын кармашкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.