Чүй облусунда мал уурулукка шектүү жарандар кармалды

Чүй облусунда мал уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 3-октябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1977-жылы туулган жаран Д.С. кайрылган. Себеби анын Шопоков шаарындгы жайгашкан сарайынан белгисиз адамдар бодо малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелип, 2000-жылы туулган Д.В. жана 2001-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан