Буга чейин Бишкек шаарынын Толстой жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. ӨКМнын басма сөз кызматынан өрт чектөөгө алынганын SUPER.KG порталына билдиришти.
"Бишкек шаарынын Толстой жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:34тө ӨКМдан 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 13:42де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти мекемеден.