УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик менен алынып келе жаткан азык-түлүктөргө бөгөт койду

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик менен алынып келе жаткан азык-түлүктөргө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"5-октябрь күнү Лейлек районунун Жаштык айылынан кийим-кече, азык-түлүк алып келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бүгүн, 6-октябрда Достук жана Арал айылдарынын ортосунан 25 куб жыгач ташып бараткан DAF үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Ошондой эле Тажикстандан 22 тонна жүзүм ташып келе жаткан 6 Mercedes-Benz 1 Volkswagen Crafter унаасы кармалган. Алдын-ала божомол боюнча жүзүмдүн баасы 3 миллион 650 миң сомду түзөт. Учурда тийиштүү органдар бул иш боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-10-06 16:16:56
Билип туруп кайра кайра ташыганы эмнеси?Же акча берип отуп жатышабы булар?Результатка бир экоону кармап калганы как обычно отуп жатабы?
+1
Asmat84
2021-10-06 16:52:31
Баткенде чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочусу айтып берди кадимкидей эле товарлар кирип чыгып атат деп атат. Жүзүнөн бирин гана результатка чыгарып атышат болбосо кадимкидей эле контрабанда болуп жатат дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан