Бишкек ШИИБи: "Наристе уурдалган төрөт үйүнүн бардык кызматкерлери суракка алынууда"

   Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүнөн уурдалган наристени издөөгө Октябрь РИИБи жана Бишкек ШИИБинин ыкчам өздүк курамы тартылды. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы “бүгүнкү күндө төрөт үйдүн бардык кызматкерлери суракка алынууда” деп билдирди. 
   Эске салсак, Бишкектин №4 төрөт үйүндө 5-ноябрь күнү саат 00:25те ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай кыз ушул жылдын 10-октябрында төрөлгөн. Энеси 1975-жылы туулган С.А. ден соолугуна байланыштуу Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул факты боюнча SUPER.KG порталынан кошумча маалыматтар алуу максатында  кечээ, 6-ноябрда жана бүгүн, 7-ноябрда перинаталдык борборго кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тартышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiza11.3
2013-11-07 19:53:55
Ким урдады оздорунун эле кругунан болсо кк деп ойлоп атам
+1
Almabek
2013-11-08 15:36:29
Коомдо бардак болуп атканда врачтар пайдаланбай олуптурбу, учурдан пайдаланышкан да.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан