Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2021-жылдын май айында болгон.
"Жабырлануучунун ишенимине кирүү менен шектүү Өзбекстандан алча алып келүүнү убадалаган. Ал үчүн ишкер жабырлануучудан 15 миң доллар алып, ошол бойдон из жашырган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары 1975-жылы төрөлгөн А.А. аттуу аял кармалган. Шектүүдөн жабыркаган жарандар милиция кызматкерлерине кайрылса болот. Байланыш номерлери: 0 (700) 33-90-72; 0 (550) 10-24-05 жана «102» кызматы", - деп жазылат маалыматта.