"Негизсиз эле жиндиканага алып барабыз деп жатышат". Манас Бердибековдун биринчи аялы укугу бузулуп жатканын айтат

Манас Бердибековдун биринчи жубайымын деген Бурулкан Кадырова укук коргоочулардын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирди. Ал негизсиз эле жиндиканага жаткырылып каларын айтып, редакциябызга кайрылды.

Айтымында, 41 жаштагы уулу менен өзүн кошунасы ур-токмокко алган. Мындан улам жабырлануучу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

"Кошуна аял баласы экөө бизди сабагандан кийин мен арыз менен шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылгам. Бирок тергөөчүлөр мени психикалык жактан жабыркайт деп негизсиз эле токтом кылып, Кызыл-Жар айылындагы жиндиканага алып барабыз дешти. Мен макулдугумду бербегендигиме карабай багыттама бар дешип ооруканага алып барышты. Ал жерден текшерүүдөн өтпөйм деп каршылыгымды билдирип айгай салдым. Мени тааныган дарыгер (уулум дарыланып тургандыктан тааныш болуп калган) тергөөчүлөргө "эмне бул аялды чыркыратып жатасыңар?" дегенден кийин коё беришти. Текшерүүдөн өткөн эмесмин. Ошого карабай мени жиндиканага жаткырабыз деп жатышат.

Алардын психикалык жактан жабыркайт, дарыланууга тийиш деген кагазда 2001-жылы туулган кыздын аты-жөнү турат. Муну уулум билип, тартып алыптыр. Бул кандайча десем дарыгерлер техникалык ката кетти деп түшүндүрүштү.

Тергөөчүлөрдүн дагы бир мыйзамсыз иши - менин аты-жөнүмдү жазып, аныктамага менин атымдан кол койгонунда болуп жатат. Мен мурда, кийин жиндиканага жаткан эмесмин, каттоодо да турбайм. Уулум катуу сабалгандан кийин оорусу курчуп, Ош шаарындагы жиндиканага каттоого алынган, дарылануудан өтүп турат", - дейт.

Бурулкан Кадырова оорукчан 41 жаштагы уулу жана 35 жаштагы кызын карап келет. Аны күч менен жиндиканага алып кетип калса, кароого муктаж болгон оорукчан баласы менен кызынын күнү кандай болот дейт. Ал акыйкаттык издеп Ош шаардык прокуратурасына да кайрылып, учурда жактоочу менен иштеп жатат. Прокуратура арыз ээсинин дооматы боюнча иликтөөлөр жүргүзүлөрүн убадалаганын кошумчалайт Бурулкан апа.

Жогорудагы нааразычылыктан кийин Ош ШИИБине байланышканыбызда, арыз каралып жатканын белгилешти.

"Бурулкан Кадырова кошунасынын үстүнөн арыз жазганы ырас. Кошунасы дагы Кадыровага арыз жазган. Тагыраагы, эки кошуна бири-бирине доо коюп, укук коргоочуларга кайрылышкан. Учурда түшкөн арыздар боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатат. Ал эми жиндиканага жаткырып, дарылоо маалымкаты боюнча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерсе айтылбайт", - дешти милициядан.

“Дарыгердин тастыкмасы жок эле жиндиканага алып барабыз дешти” деген жаран кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tursunbaev1978
2021-10-07 12:46:56
Санжардын апасыбы ошондо?Санжар биринчи аялынан болсо керек?
-1
Datka7777
2021-10-08 20:11:16
Tursunbaev1978,жоок
0
SHaidulda
2021-10-07 15:10:34
Манастын да аялы коп болгон экен да
+2
Kari
2021-10-08 05:07:19
Манастын аялыбы,башканын аялыбы айтор Кыргыз жараны.Мажбурлап неге жиндиканага алып барат.Укук ,закон бардык жаранга бирдей.Бечара аялдын балдарын ким камкордука алат?Жардам колун узатып,кайра колдоо корсотсо болбойбу?Кошунасы кандай адам экен,балдарынын оорукчан экенин билип туруп,бул аз гана жыргал жашоодо жок дегенде жакшы созун аябай жардам берип койсо болбойбу?Не болуп баратабыз,бараарыбыз 2 метр жер,ал да насип этсе.Кайсы куну,кантип барабыз,ошого чейин бири бирибизди аяйлычы.
+2
Birimdik5555
2021-10-10 00:32:52
Kari,эн туура, кошунасы начар адам окшойт, оорукчан баласын билип туруп сабаган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан