Орусиядагы эмгек мигранттары 11-октябрдан баштап насыя катары акча которо алышат. Тактап айтканда, шашылыш түрдө акча которуу зарылдыгы жаралса насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, алгачкы кадамда 5 миң рублдан 15 миң рублга чейинки сумманы алуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Алгачкы акча алган учурда 21 күнгө пайыз эсептелбейт. Андан кийин пайыз эсептеле баштайт. Анда насыяга күнүнө 1 пайыз коюлган.
Насыя катары акча которуунун алгачкы этабы "Мегафондун" бардык филиалдарында жеткиликтүү болот. Алдыда бул кызматты "Золотая коронанын" бардык түзмөгүндө жеткиликтүү кылуу пландалууда.
Микронасыяны берүүнү "Экспресс өлкө" компаниясы аткарат", - деп жазылат маалыматта.