Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жаңы мыйзам долбооруна ылайык министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердик 10 жылдык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керектигин белгиледи: “Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин ишкерчилик менен алектенүүсү толук чектелип, шайлоо маалында административдик ресурсту колдоно албастыгы так белгиленди. Мындан тышкары эми министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш иши башкы прокурор тарабынан гана козголот жана буга президенттин макулдугу талап кылынбайт”, – деди ал.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети менен президенттин администрациясы кандай иш алып барарына кызыкты.
Өз кезегинде Аалы Карашев жаңы долбоордо министрлер кабинетинин ишин президенттин администрациясы алып барары көрсөтүлгөнүн белгиледи. “Мыйзам колдоо тапса айрым структуралар өзгөрөт. Министрлер кабинетинин башчысы президенттин администрациясын жетектейт”, – деп кошумчалады.