Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын долбоорлорун экинчи окууда карашты.
Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси президент.
Бул маселе боюнча баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жогорудагы эки мыйзамды бириктирүү сунушу түшкөнүн билдирди. “Себеби жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бири-бири менен тыгыз байланышта, бирдикте жумуш алып барат”, - деди эл өкүлү.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда райондук бюджеттерди, райондук кеӊештерди калыбына келтирүү, калкы 100 миӊ кишиге чейинки райондордо 20-30 депутат, 100-200 миӊ калкы бар райондордо 30-45 депутат болушу сунушталууда. Депутат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын дайындоо маселеси өтө чоӊ талашты жаратканын белгилеп өттү. Ошондуктан айыл өкмөттөрүнүн башчылыгына талапкерлер ачык конкурстун негизинде муниципалдык резервге киргизилип, райондун акими аларды ошол резервден дайындоосу сунушталууда.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапты.