Өзбекстанда 12-18 жаш курактагы жалпы 87 миңден ашык өспүрүм ыктыярдуу түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөрдү илдетке каршы эмдөөдө Кытай өлкөсүнүн Pfizer вакцинасы колдонулган.
Буга чейин, 28-сентябрда аталган өлкөдө ата-энелердин макулдугу менен эмдөө алууну каалаган өспүрүмдөргө эмдөө жүргүзүү жараяны башталган. Ал эми бүгүнкү күнгө карата эмделгендердин жалпы саны 87 миң 710 балага жетти.
"Клиникалык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Pfizer вакцинасынын 12-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында жогорку эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун көрсөттү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да өспүрүмдөрдү эмдөөдөн өткөрүүдө бул вакцинаны сунуш кылат", - деп билдиришкен Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен.