Бишкек шаарынын тургуну жарандык никедеги бирге жашаган аялын мууздап өлтүрүп, андан соң милиция кызматкерлерине кайрылган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, 3-ноябрь күнү кечинде, Ленин райондук нөөмөт кызматына орто жашап калган адам келип : “Мен жарым саат мурун бирге жашаган аялымды өлтүрдүм, эми силерге колго түшүп берейин”,-деп кайрылган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.