Биз социалдык тармакта

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагын жаңыртуу багытында 6 миллион 500 миң евро жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча насыялык макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору каралды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында 6 миллион 500 миң евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт. Анын ичинде 2 миллион 500 миң евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен Сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан