Улуу Британиянын 56 жаштагы жараны Пол Коуэлл дээрлик 35 жылдан бери көрө элек атасына жолугууга барган. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, көптөн күткөн жолугушууда ал уулдарына чоң атасын биринчи жолу көргөнүн айтып, аларга видео чалуу кылган. Андан кийин ал мотоциклин айдап, апасынын мүрзөсүнө бара жаткан жерден кырсыкка кабылган.
Маалыматтарга караганда, ал атасынын жанында болгону 10 мүнөткө жакын гана убакыт болгон.
Пол Коуэллдин мотоцикли унаага урунган жана ал ошол жерден каза болгон. Анын 2 уулу жана 1 кызы бар экени кошумчаланат маалыматта.