Акыркы бир суткада коронавирус илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Каза болгондор COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды.
Коронавирус өлкөгө келгенден тартып аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны - 2 614.
Стационарда 451 жана амбулатордук түрдө 690 адам дарыланып жатат.