Өткөн суткада Бишкек "тез жардам" станциясына 567 чакыруу болгон. Алардын ичинен 431 чакыруу аткарылып, 122 адам ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары өткөн суткада 4 жол кырсыгы катталгандыгын Бишкек шаардык тез жардам станциясы бүгүн, 7-ноябрда билдирди . Алматы менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде автокырсыктан 25 жаштагы жана 30, 41 жаштардагы 3 адам жабыр тарткан. Жабырлануучулар баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээлери чайкалган .
2 криминалдык окуя да катталып, анын биринде 39 жаштагы эркек өз энесин бычак менен сайган. Бычакталган аял оор абалда ооруканага түшкөн.