“Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов ар жыл сайын үлгүлүү кызматкерлерге унаа белек кылып келет. Бул жылы темир тулпарга ээ болуу бактысы “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору Нуржамал Жийдебаевага буйруптур. Кесиптешибизге унаанын ачкычын бүгүн, 7-ноябрда Кылычбек Султанов тапшырды.
“Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамааты Нуржамал Жийдебаеваны унаалуу болушу менен куттуктайт. Дайым эл кызматында болуп, калемиңиз курчуй берсин демекчибиз.