Борбор калаа быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу жылуулук системасына эрте туташтырылды. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, Бишкек шаары былтыр 9-октябрда жылуулук системасына кошулган болсо, быйыл 5-октябрда башталды.
"Азыркы учурда борбордо 50 оорукана, 71 мектепке чейинки билим берүү мекемелери, 65 мектеп жана 1 903 турак жай жылуулук системасына туташтырылды. Бул цифра дагы саат сайын өзгөрүп турат. 2-3 күндүн ичинде калааны толук жылуулук системасына туташтырууну пландап жатабыз", - деди Жунушалиев.