Биз социалдык тармакта

"ВДНХ, Манас айылы, "Ысык-Көл" мейманканасы". Депутат Бишкек шаарындагы каралбай калган жерлерди иштетүүнү сунуштады

Бүгүн, 7-октябрь күнү депутат Акыл Кемелов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө Бишкектеги ВДНХ, Манас айылы, "Ысык-Көл" мейманканасын ишке киргизүү сунушун айтты.

"Дубайда Global Village деген жери бар. Ал жакта ар кайсы өлкөлөрдүн маданияты болгон өзүнчө соода аймактары бар. Биздин ВДНХ азыр жөн эле жатпайбы. Ошондой кылып чоң соода аймагы кылып койсок болот. Өзүбүздүн жарандарыбызга же башка өлкөлөрдүн маданияты, эмне оокат жайы болсо сата тургандай кылып жасап койсок болот.

ВДНХнын жанында "Ысык-Көл" мейманканасы турат аны да ишке киргизишибиз керек. Бул нерсе биздин имиджибизге, экономикабызга салым кошмок. Жанында Манас айылы да турат. Жалгыз Манас айылыбыз бар экен, ал каралбай келет. Өкмөт, каржы жагынан жардам кылып койбойсуздарбы", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Defans2017
2021-10-07 14:51:45
Ыдырыс корсоткондон кийин баштайын депсинерда
+2
Antiradikal3
2021-10-07 18:58:06
Корейлерге ижарага берген Окмоттун акмактыгы. ВДНХ, Манас айылдарын гулдотуп койсо болот. Илгери атайы ошол жакка барып кайтышчу Бишкектин тургундары. Автобус, маршрутка менен. Элде бугункудой ар ким жеке унаасы менен журбогон учур. Ысыл-Кол мейманканасы корктуу мейманканалардын бири эле. Ушуну башкасы ойлобосо да Жапаров ойлонсо болмок, дакансаларын ушул жерге жайгаштырып журду эле го? Кантип ушул жерлерди илгерки калыбына келтирууго болбойт? Эмне, кыйынбы?!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан