
Бишкекте "AгроТехЭкспо2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлөт.
"Иш-чарага 200дөн ашуун алдыңкы кыргыз жана чет элдик компаниялар катышат. Анда айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүлөт", - деп билдиришти министрликтен.
Көргөзмө 23-24-25-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт.