Пермь мамлекеттик университетинде ок чыгарып, 6 адамдын өмүрүн кыйган жан кечти Тимур Бекмансуров жактоочу кызматын колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, ага жактоочунун кызматын колдонууну сунушташкан, бирок ал мындан баш тарткан.
Басылмаларда ал эмне себептен жактоочунун кызматын колдонуудан баш тартканы ачыкталган эмес.
Буга чейин Бекмансуров тамагына жасалган операциядан улам убактылуу сүйлөй албаганы, бирок жазуу түрүндө байланыша баштаганы айтылган.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.