Чүйдүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында куруучулар менен Новопавловка аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, 3 кызматкер ур-токмокко алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 12:00 чамасында бир канча эркек киши мас абалда Военно-Антоновка айылында жайгашкан N295 контурдун жер участогунда мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерге барган аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери курулушту токтотууну талап кылышкан. Бирок алар макул болбой, милиция кызматкерлерин курулуш материалдарын колдонуу менен ур-токмокко алган.
Мындан улам 3 кызматкер жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө уланып жатат.