Осло: "9:0". Сардарбек Конушбаев чейрек финалга чыкты

Кыргыз балбаны Сардарбек Конушбаев Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 7-октябрда килемге чыкты.

Кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугуна 55 килограмм салмакта катышып, анда алгачкы беттешинде түштүк кореялык балбан менен кез келди.

Беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашы активдүү болбогону үчүн кыргыз балбаны 1 упай алып, калыс түштүк кореялык балбанды партерге койду. Сардарбек Конушбаев андан 8 упай иштеп таап, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты. Чейрек финалда кыргыз балбаны азербайжандык Элданиз Азизли менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2021-10-07 16:39:03
Азат, жазган кабарынды окуп чыгып, катасын ондоп койсон болмок
0
KG-312
2021-10-07 17:02:50
Финалга барып ыргый берет биздикилер.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан