Биз социалдык тармакта

"Мыйзам бузган Кыргыз жарандары катталган". Шереметьево аэропортундагы окуя боюнча элчилик билдирүү таратты

Буга чейин Москвага Кыргыз өлкөсүнөн учуп барган 300дөй Кыргыз жарандары Шереметьево аэропортунан чыга албай жатышканы тууралуу маалымдалган.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул боюнча билдирүү таратты.

"Орусиянын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча Шереметьево эл аралык аэропортунда 100гө жакын Кыргыз жарандары бар. Чек арадан өтүү узакка созулганы Орусиянын чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүү иш-чаралары менен байланыштуу.

Аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салынган Кыргыз жарандары жеке маалыматтарын өзгөртүп, чек арадан өткөн учурлар болгон. Ошого байланыштуу Кыргыз жарандары тарабынан мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн.

Мындан тышкары текшерүү иш-чараларынын алкагында адамдардын Орусияда тыюу салынган уюмдарга катыштыгы текшерилет.

Аэропорттун өкүлдөрүнөн Кыргыз жарандарын тамак-аш менен камсыздоо суралган", - деп айтылат маалыматта.

“Дарыгердин тастыкмасы жок эле жиндиканага алып барабыз дешти” деген жаран кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adi010891
2021-10-07 16:56:00
Деп шылтоолобой эле, Мээрим Жуманазарова, орустун балбанын утканына арданышып, ушундай кылып атышат де да!
-12
Dembele84
2021-10-08 06:56:17
Adi010891,мээн ошого жеттиби ?
+3
kkkk3259780
2021-10-08 11:52:32
орускулдар отттоооо коп экен.окунучтууу(((((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан