Бишкекте кичи автобустун эки айдоочусу жол талашып урушкан видео тарады. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.
"Бишкек ШИИББи боюнча кайгуул милициянын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери №240 жана 104-кичи автобустун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошол эле учурда жол кыймылынын башка катышуучуларынын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткандыгы үчүн бузуулар кодексинин негизинде тийиштүү протокол толтурушту", - деп билдиришти мекемеден.