Бүгүн, 7-октябрь күнү депутат Мейкиндик Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жай тармагындагы ишкерлер экспорт маселесинде кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышкандыктарын билдирди.
"Өлкөдө жеңил өнөр жайы жакшы өнүккөн. Учурда өтө татаал көйгөйлөргө дуушар болуп жатышат. Биринчиси тиге турган материалдар бизден Орусия, Казакстанга кетчү. Азыр болсо бизге Казакстан аркылуу келип калды. Мисалы, жай мезгилинде кийиле турган кийимдердин материалдарын Казакстан атайын кармап, бир жума калганда бизге берип жатышат. Бир жумада биздикилер сезонго тигип берүүгө үлгүрбөй жатышат. Экинчиден, биздин ишкерлердин жүгү Казакстандан мурун 4 күндө жете турган болсо, азыр 20 күндөн - бир айлап жете албай калып жатат.
Ушул маселени карап бермейинче болбойт. Эгерде Кытайдан келген текстилди Казакстандан кантип кайтаруу керек болсо биз уялбай эле Райым Матраимовдон сурап, ошол адамдын тажрыйбасын колдонолу. Бажынын жетекчиси, сиз уялбаңыз, сураңыз. Ал адамдын тажрыйбасы бар. Менин сөзүмө ишенбесеңиздер "Мадина", "Дордой" базарларына барып ишкерлер менен сүйлөшкүлө", - деди депутат.