Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери терезелерин атайын караңгылаткан жети той кортежин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинен 3 унаа жасалма мамлекеттик номерлүү экендиги аныкталган.
"Кайгуул кызматкерлери Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан той кортеждерин көрүшкөн. Ошол замат автоунааларды токтотуп, текшерүүгө алган учурда, 7 унаанын алдыңкы жана каптал терезелери атайын караңгылатылганы аныкталган. Анын ичинен 3 автоунаанын мамлекеттик номери жасалма болуп, ал эми бир жол тандабастын мамлекеттик номери такыр жок болгон. Бул факты боюнча 7 унаанын терезелерин атайын караңгылаткандыгы үчүн ар бирине 5500 сомдон айып салынып, 4 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Ал эми жасалма номер менен жүргөн айдоочулар Свердлов жана Биринчи Май РИИБине андан ары чара көрүү үчүн жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.