Британ ханышасы Елизавета II Дубай эмири шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактумдун үй-бүлөсүндө болгон окуяга байланыштуу коомчулуктун кысымына кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Лондондун Жогорку Соту шейхти мурунку аялы, ханыша Хайя бинт аль-Хусейндин телефонун бузууга буйрук бергенин билдирген.
Бул балдарды камкордугуна ким аларына байланыштуу Дубайдын башкаруучусу менен анын аялынын ортосундагы талаштан улам болгон деп болжолдонууда. Сот шейхтин өнөктөштөрү Лондондо ханыша Хайянын мүлкүнүн жанынан хан сарай сатып алууга аракет кылып жатышканын аныктаган.
Бул окуяга британиялык саясатчылар нааразы болуп, британ ханышасын Аль Мактум менен мамилесин үзүүгө чакырышкан. Коомчулуктун айтымында, Шейх Мухаммед II Елизаветаны ыңгайсыз абалга калтырып тим болбостон, Улуу Британия менен болгон бийлигин жана достугун кыянаттык менен пайдаланган. Британиянын Тышкы иштер министрлиги дагы Дубайдын саясатчысынын аялынын телефонун бузууга чын эле буйрук берген-бербегенин билүү үчүн иликтөө жүргүзүүгө чакырууда.