Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили түрмөдө ага матрас берилбей жатканын айтып чыкты

Козголгон кылмыш иштерине байланыштуу Украинадан Грузияга кайтып баргандан кийин кармалган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили абакта кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу анын жактоочусу Гиорги Гелхауриге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Жактоочусунун айтымында, абактын администрациясы экс-президентке салкын мамиле кылып жатат.

"Алар Саакашвилиге матрас, телевизор сыяктуу керектүү буюмдарды бербей жатат", - деген жактоочу. Ошондой эле ал абакта башка адамдар ушул сыяктуу буюмдарды алганын белгилеген.

Маалыматтарга караганда, Саакашвили ачкачылыгын улантууда. Ал муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалган. Өз кезегинде Грузиянын учурдагы президенти Саломе Зурабишвили Саакашвилиге ырайым берилбей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан