Республикалык штаб Жалал-Абад, Ош облустарындагы COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү менен таанышты

Ош облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эпидемиологиялык абал, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин вакцинациялоо жүргүзүүгө даярдыгы жана республиканын калкын вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү маселеси талкууланды. Шаар мэрлери, район акимдери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору ар бир участок боюнча отчёт берди.

Ыкчам маалыматтарга караганда, республика боюнча тышкы эмгек мигранттарын эсепке албаганда, 18 жаштан жогорку калктын санын камтыган максаттуу топтун 38 пайызга жакыны эмделсе, анын 28 пайызы толук эмдөөдөн өткөн.

Ош шаарында COVID-19 каршы эмделүүчү максаттуу топко 119 миң 600 адам кирет. Алардын ичинен калктын 49 пайызы биринчи доза менен эмделсе, 37 пайызы эмдөөнүн толук курсун алган.

Ош облусунда COVID-19 каршы эмделүүчү максаттуу топко 469 миң 389 адам кирет, анын ичинде калктын 46 пайыз биринчи доза менен эмделген, вакцинациялоонун толук курсунан 41 пайыз адам өткөн. Облус боюнча вакцинациялоо боюнча лидер болуп Ноокат району (50 пайыз) саналат, эң төмөнкү темп Алай (23 пайыз) жана Чоң-Алай (29 пайыз) райондорунда орун алган.

Жалал-Абад облусу боюнча COVID-19 каршы эмделүүчү максаттуу топко 435 миң 112 адам кирет, анын ичинде калктын 35 пайызы биринчи доза менен эмделген, ал эми калктын 23 пайызы вакцинациялоонун толук курсунан өткөн. Облус боюнча вакцинациялоо боюнча лидер – Ноокен (29 пайыз) жана Базар-Коргон району (26 пайыз) саналат, төмөнкү көрсөткүчтөр – Кара-Көл (8 пайызы) шаарында.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Жылдыз Бакашова төмөнкүлөрдү тапшырды:

- Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине дарыканаларда жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясына каршы дары-дармектердин, медициналык шаймандардын, жеке коргонуу каражаттардын тийиштүү кору болуусун көзөмөлдө кармоосу тапшырылды.

- Жалал-Абад жана Ош облустарынын жетекчилерине, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине калкты вакцинациялоо боюнча кампанияны жүргүзүү маселесин жеке көзөмөлгө алуусу, вакцинациялоо менен камтууну кеңейтүүнү жана анын темпин күчөтүүнү камсыздоосу тапшырылды. Ошондой эле алар коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн зарылдыгы жана мааниси тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары профессордук-окутуучу курамдын, ошондой эле 18 жаштан жогорку студенттердин арасында вакцинациялоо жүргүзүүнүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Буга байланыштуу Жылдыз Бакашова облустагы жогорку окуу жайларда, орто кесиптик окуу жайларда, мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан