Адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы танзаниялык 73 жаштагы жазуучуга ыйгарылды

2021-жылдын адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы танзаниялык жазуучу Абдулразак Гурнага тапшырылды. Бул тууралуу Нобель комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

73 жаштагы белгилүү жазуучу колониялизмдин кесепеттерин жана маданияттар менен континенттер арасында өткөн качкындардын туңгуюк жашоосун аңдап билип, чыгармалары аркылуу таасын жеткиргени үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылган.

Белгилей кетсек, Абдулразак Гурна 1948-жылы Танзаниядагы Занзибар аралында жарык дүйнөгө келген. Ал колониялизм жана Чыгыш Африка коому боюнча жазган романы аркылуу дүйнөгө таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан