"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Сузактагы филиалынын директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында "Кадастр" ишканасынын Сузактагы филиалынын директорунун орун басары С.З. кармалды. "Кадастр" ишканасы Сузактагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Калктуу конуш" категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган. 5-октябрда ал Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында, мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.