Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында 69 долбоор ишке ашты

7-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов көп кабаттуу үйлөрдүн аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кош каржылоо программасынын алкагында ишке ашырылган долбоорлор менен жеринде таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кичи райондорго болгон иш сапарынын алкагында мэр Кулатов, ХБК кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, үйлөрдүн фасаддарын жаңыртуу, ички канализация жана жылуулук менен жабдуу системаларын оңдоо, кире бериштерди, чатырларды, жолдорду асфальттоо боюнча ишке ашкан долбоорлорду көрдү.

"Бул долбоорлордун бардыгы Ош шаардык мэриясынын биргелешип каржылоо программаларынын алкагында ишке ашырылууда. Башкача айтканда, аткарылган иштерге 30-50 пайыз каражат мэрия тарабынан бөлүнөт, калганын тургундар чогултат. Ошондой эле мэр көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен жолугуп, маселелерин, сунуш-пикирлерин укту. Алмаз Мамбетов тургундар менен болгон жолугушууда муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн калк менен тыгыз иш алып барууну айтып, калктын колдоосу менен кичи райондордун инфраструктурасын активдүү өнүктүрүүгө умтулушу керектигин белгиледи. Мындан сырткары Алмаз Мамбетов шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн кийинки жылы долбоорлорду кош каржылоонун көлөмүн 50 пайызга чейин жогорулатуу карала тургандыгын билдирди. Ушул жылы Ош шаарында жалпы 13 миллион 800 миң сомго муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында 69 долбоорлор ишке ашырылды. Бул долбоорлордун алкагында тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн көрүнүшүн жаңыртуу, канализация системасын реконструкциялоо, жылуулук менен камсыздоо, ички жолдорду газдаштыруу жана асфальттоо боюнча иштерди жүргүзүштү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан